Жан кечтилер курсунан өткөн. УКМК террорчу делген кишини колго түшүрдү

Кыргызстанда террористтик актыларды ишке ашыруу үчүн келген.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Контртеррористтик иш-чаралардын алкагында террористтик ишмердүүлүккө тиешеси бар делген Ш.Ш. аттуу 47 жаштагы Кыргызстандын жараны кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Подозреваемый в подготовке теракта на территории Кыргызстана

Атайын кызмат аны 21-июлда колго түшүргөн.

"Ш.Ш. эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) катарында диверсиялык-согуштук жана атайын жан кечтилер курсунан даярдыктан өтүп, Сириянын өкмөттүк аскерлерине каршы куралдуу жаңжалга катышкан. Ал ЭТУнун жетекчилеринин көрсөтмөсү менен Кыргызстанда террористтик актыларды ишке ашыруу үчүн келген", — деп айтылат билдирүүдө.

Сирияда даярдыктан өтүп келип, Кыргызстанда жардыруу жасайм деген киши кармалды
УКМК тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 226-беренесинин 1-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышуусу же террорчулук жана экстремисттик даярдыктан өтүшү) жана 299-1 беренесинин 3-бөлүгү (Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган киши тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.