БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Каирдеги зоопарктын ээси кишилерди тартуу үчүн эшектерди зебрага окшотуп боёгонун РИА Новости агенттиги Extra News телеканалына таянуу менен билдирди.
Бул алдамчылыкты онунчу класстын окуучусу экскурсия учурунда байкап калган. Ал Наси-сити аймагындагы эл аралык парктан тосмонун ары жагында турган эки зебрага кызыгып, жанына келгенде алардын бетинен жана жонунан кара боёк агып жатканын байкаган.
Окуучу "жасалма" зебраларды сүрөткө тартып алып социалдык тармакка жарыялаган.
Кыска мөөнөттүн ичинде бул окуя араб ЖМКларында эң көп талкууланган кабарга айланган.
Бирок зоопарктын директору бул жайдагы зебралар чыныгы жаныбарлар экенин айтып ишендирүүдө.