Грецияда чыккан өрттөн 74 киши каза болду

Тактала элек маалыматтарда дайынсыз кеткендердин саны 100гө чукул экендиги кабарланды.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Грецияда токойдо чыккан өрттүн кесепетинен 74 адам каза тапты. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Буга чейин тилсиз жоо 60 адамдын өмүрүн алып кеткендиги кабарланган. Ал эми 187ге чукул киши ар кандай жаракаттарды алган. Булардын 23ү балдар экендиги айтылды.

Дүйшөмбү күн Грецияда, анын ичинде Аттика деп аталган борбордук аймагында бир нече өрт чыккан. Аталган өлкөдө ысык 40 градуска чыкты. Учурда өрт өчүрүүчүлөрдүн түйшүгү көбөйүп, этек-жеңди жулган шамал тилсиз жоо менен күрөшүүдө кошумча машакатты жаратууда.