Бишкекте жол кырсыгы болуп, унаа экиге бөлүнүп кетти. Сүрөт

Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу катуу жаракат алган жок.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бишкектин түштүк магистралында жол кырсыгы болуп, унаа экиге бөлүнүп кетти. Окуя болгон жердеги видеону күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp-каналы аркылуу жиберди.

1 / 6
Бишкектин түштүк магистралында жол кырсыгы болуп, унаа экиге бөлүнүп кетти
2 / 6
Кырсык бүгүн саат 8.10дор чамасында болгон
3 / 6
Кырсык Аалы Токомбаев көчөсүндөгү "Асанбай парк" борборунун маңдайында болду
4 / 6
Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу катуу жаракат алган жок
5 / 6
Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүгүнөн Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги мамыны сүзгөнүн айтышты
6 / 6
Ошондой эле унаанын ичинде айдоочу менен бир жүргүнчү болгонун, бирок экөө тең оор жаракат албаганын кошумчалашты.

Анын айтымында, кырсык бүгүн саат 8.10дор чамасында болгон.

"Кырсык Аалы Токомбаев көчөсүндөгү "Асанбай парк" борборунун маңдайында болду. Унаа Сухе баатыр көчөсү тарапка бурулганы жатып, жөө адамдар өтүүчү жол чийинине жеткенде дароо тормозду басты окшойт. Ошол маалда жол четиндеги мамыга урунуп, экиге бөлүнүп кетти", — деди күбө.

Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу катуу жаракат алган жок.

Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүгүнөн Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги мамыны сүзгөнүн айтышты. Ошондой эле унаанын ичинде айдоочу менен бир жүргүнчү болгонун, бирок экөө тең оор жаракат албаганын кошумчалашты.