Бишкекте автобус менен жеңил унаа кагышып, айдоочу терезеден ыргып кетти. Сүрөт

Кырсык эртең менен болуп, жабыркагандар ооруканага жеткирилди.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бишкекте №38 каттамда жүргөн эл ташыган автобус жана Toyota Aristo үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышты. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

1 / 6
Бишкекте №38 каттамда жүргөн эл ташыган автобус жана Toyota Aristo үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышты
2 / 6
В Бишкеке столкнулись пассажирский автобус рейса №38 и легковая машина марки Toyota AristoКырсык болжол менен саат 7.55тер чамасында Фрунзе жана Курманалиев (мурдагы Армавирская) көчөлөрүнүн кесилишинде болду
3 / 6
Алдын ала маалыматтарга караганда, 7-8 жүргүнчүнү башка автоунаалар Чүй облустук ооруканасына алып кетишти
4 / 6
Күбөнүн айтымында унаалар кагышканда автобус жол белгисин жулуп өтүп, таштанды контейнерине урунган
5 / 6
Жерине тез жардам кызматы барды
6 / 6
Жергиликтүү тургундардын айтымында, жолду оңдоо иштери болуп жаткандыктан, автобус бир нече күндөн бери ушул көчө аркылуу каттап жаткан.

Кырсык болжол менен саат 7.55тер чамасында Фрунзе жана Курманалиев (мурдагы Армавирская) көчөлөрүнүн кесилишинде болду.

Бышактаган аялдар, апкаарыган айдоочу. Автобус менен машина кагышкан видео
Алдын ала маалыматтарга караганда, 7-8 жүргүнчүнү башка автоунаалар Чүй облустук ооруканасына алып кетишти.

Күбөнүн айтымында унаалар кагышканда автобус жол белгисин жулуп өтүп, таштанды контейнерине урунган. Ал эми айдоочусу алдыңкы айнектен сыртка ыргып кеткен.

Жерине тез жардам кызматы барды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жолду оңдоо иштери болуп жаткандыктан, автобус бир нече күндөн бери ушул көчө аркылуу каттап жаткан.