Бишкектин дагы бир көчөсү оңдоо үчүн жабылат

Оңдоо иштери 1-сентябрга дейре жасалып бүтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бишкектеги Репин көчөсү оңдоо иштеринен улам жабыла турганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Репин көчөсүнүн Лев Толстойдон Гагарин көчөсүнө чейинки аралыгы 26-июлдан тарта жабык болот.

"Оңдоо иштери Бишкек шаарындагы автоунаа жолдорун калыбына келтирүү долбоорунун алкагында ишке ашып, жаңы асфальт төшөлүп, бордюрлар коюлат", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгы оңдоо иштерин 1-сентябрга чейин аяктайбыз деп ишендирүүдө.