БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. 26-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Чүйдө абанын температурасы 24…29 градуска көтөрүлөт. Таласта күндүн табы 22…27 градусту түзөт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткенде абанын температурасы 31…36 градуска чейин жогорулайт.
Ысык-Көлдө 21…26, Нарында 23…28 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкекте абанын температурасы 27…29, ордолуу Ошто 33…35 градуска чейин ысык болушу күтүлөт.