Бул өч алуу! Атамбаев Матраимов боюнча сот чечимине пикирин билдирди

Биринчи Май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун доосун канааттандырган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Сот Райым Матраимовду кызматына кайтаруу өкүмүн чыгаргандыгы — аны калкалап турган досторунун өч алуусу. Мындай пикирин экс-президент Алмазбек Атамбаев айтканын КСДПнын маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, Биринчи Май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун доосун канааттандырган.

“Мамлекеттик ишмерлер Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун камакка алынышы бажыдагы коррупциянын масштабын көрсөтүп турган. Анткени "Райым-миллион" кызматтан кеткенден кийин канчалык позитивдүү көрүнүштөр болуп, бажыдан түшкөн төлөмдөрдүн саны көбөйбөдү беле. Бул анын тарапташтарынын алган өчү”, — деди Атамбаев.

Элесиң турат, өзүң жок... Табышмактуу Райымбек Матраимов тууралуу 5 факты
Мурдагы мамлекет башчысы экс-бажычы Матраимов мурда ээлеген кызматына келсе да, келбесе дагы, өлкөдө бажы сыяктуу каражат көп тармактарды иш жүзүндө ушундай адамдар башкара тургандыгынан кабар берерин кошумчалады.

Атамбаев буга чейин президент Жээнбековго сунуш катары айтылган пикирлери эске алынбай, азыркы бийлик коррупция менен күрөшүп жаткандай түр көрсөтүп, саясий оппоненттерди жок кылуу менен алектенип жатат деген оюн айтты.