ӨКМ: Ысык-Көлдөгү 300 пансионаттын 80инде гана сертификаттуу куткаруучулар иштейт

Жыл башынан бери өлкөдө 70тен ашуун адам сууга чөгүп, каза тапкан.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда 300 пансионат жана эс алуучу үйлөр болсо, алардын ичинен 80нинде гана окутуудан өткөн, сертификат алган куткаруучулар иштейт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөргөн көлмөлөрдөгү коопсуздукту камсыздоо боюнча кеңешмеде айтты.

"Жалпысынан Ысык-Көл облусу боюнча 300 пансионат жана эс алуучу үйлөр бар. Бирок алардын 80нинде гана окутуудан өткөн жана тиешелүү сертификат алган куткаруучу иштейт. Акыркы кездерде алгачкы жардам көргөзө алган 174 адис даярдалды", — деди Мирзахметов.

Агымы күчтүү каналдан бөбөктү издеген ыктыярчы: көз алдыма маркум иним тартылды
Жыйын учурда өкмөт башчы ар бир жээкте куткаруучулар, атайын окутулган адамдар күзөттө турган куткаруу секилерин орнотууну талап кылды.

"Куткаруучулар ыкчам жетүүсү үчүн сууга түшүү аймагы чектелиши керек, анткени чөгүп бара жаткан адамды куткарууда ар бир секунд кымбат", — деди өкмөт башчы.

Буга чейин ӨКМдин берген маалыматына караганда, жыл башынан бери өлкөдө 70тен ашуун адам сууга чөгүп, каза тапкан.