"Майлык" менен "суулуктун" айырмасы эмнеде? Турмуштук сөздөрдөн аксабаңыз

Негизи турмуш-тиричиликте жасап жүргөн нерселердин туура аталышын билбейбиз же маани бербейбиз. Маселен, бодо малды союп жаткан учурда анын этинен өзүңүзгө үлүш чыгарып алсаңыз же ээси белгилүү өлчөмдө эт кесип берсе, "кол кесер", "колустук" болот экенсиз.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Тибиртке рубрикасында бүгүн кыргыздардын турмуш-тиричилигинде айтылган сөздөрдүн мааниси тууралуу кеп салабыз. Материалды даярдоодо этнограф Динара Молдокулованын "Кыргыздардын салттык жүрүм-турум маданияты" китеби пайдаланылды.

"Өлдү" деп балп эте көрбөңүз... Адамдын каза болгонун кантип туура айтуу керек?
"Баш алганга баш бербейт" — бул Кыргызстандын башка аймактарынан айырмаланып, Нарын менен Ысык-Көлдө кыргыздардын устукан тартуу салтында сакталган эреже. Анын негизинде конок болуп келген күйөө балага жана күйөө бала тараптагы куда-сөөккө устукан катары койдун башы тартылбайт. Бул кудалар бири-биринин жамандык-жакшылыгына катташып кой союп келген учурда гана сакталган. Мында кызын алган тарапка кой союп барганда койдун башын албай, үйгө калтырышат;

"Баш салган" — бодо мал сойгон адам эртеси малдын башын салып, туугандарын же коңшуларын чакырып тамак берген. Башты өзү жеп алса, мындайды эл арасында жактырбай, жаман көрүшкөн;

"Бодо мал" (бодо), "кара мал" (кара) — жылкы, уй, төө, топоз;

"Бычактын өбөлгөсү" — эгерде келген коноктун бычагы жок болсо, үй ээси же жанында олтурган адамдар бычагын бере койгон.  Ал киши пайдаланып бүткөн соң  ээсине кайтараарда учуна бир кесим эт сайып берген. Мындай учурда бычакты тик кармап (учун жогору, сабын төмөн) сунган. Бул "бычактын өбөлгөсү" деп аталган;

"Кол кесер", "колустук" — касапчы же кожоюн бодо малды союп жаткан учурда малдын этинен өзүнө үлүш чыгарып алган.  Же касапчы союп бүткөндөн кийин ага ээси белгилүү өлчөмдө берген эт.

"Колу жеңил" —  мууздаган малдын жаны көпкө чейин чыкпай турганда айтылат;

"Колу оор" — мууздаган малдын жаны тез эле чыгып кеткенде айтылат;

"Кызыл батырыш", "элчилик", "тууганчылык" — бодо малы ооруп, чөпкө ууланып, бир жери сынып же башка себептер менен кырсыктап өлгөндө, мал ээси анын этин туугандарга, кошуналарга тараткан. Бодонун арык-семизине жараша баалап, өз ара бөлүшүп алышкан. Мындай малдын этин таратуу Кыргызстандын түндүк аймагында "кызыл батырыш", "элчилик", "тууганчылык", ал эми түштүгүндө "денгене" деп аталган;

"Майлык", "суулук", "суу жоолук" — Нарын, Ысык-Көл аймактарында кол аарчыган чүпүрөктөрдүн аталышы. Суулук, суу жоолук — тамак алдында жана тамактан кийин суу куюлган учурда берилген кол аарчыган чүпүрөк. "Майлык" — тамак жеп жаткан мезгилде гана колдонулган чүпүрөк. Ал эми Талас өрөөнүндө  ажыратылбай эле, жалпы "кол аарчы" же "майлык" деп аталат;

"Катын" десе капаланбаңыз, "селки" десе секирбеңиз. Аялзаттын аталышы
"Сетер жылкы" — ашка союлууга арналып, куйрук-жалы кыркылып, жайлоого ээн кое берилген жылкы. Аны үйүрдөгү башка жылкылардан айырмалантып, көкүлүн ак чүпүрөк менен түйүп койгон. Сетер жылкыга көпчүлүк учурда каза болгон адамдын көзү тирүүсүндө минип жүргөн аты же жакшы көргөн жылкысы тандалган. Аны минип же чарбага урунууга жана уурдаганга тыюу салынган;

"Улуу табак" же "сакалдуу табак", "ортоңку табак", "кичүү табак" — эт салынып, дасторконго тартылуучу табактардын даражасына жараша бөлүнүшү;

"Устукан берүү" — улуу жана орто жашка келген адамдар өзүнө тартылган устукандан ооз тийип, өздөрү каалаган кичүү адамга устукан катары берүү салты;

"Чыгданчы", "табакчы", "бөкөөл", "бөкөл", "бөкөлчү" — кыргыздарда ар бир уруунун жамандыкта, жакшылыкта, аш-тойлордо союлган малдын этин көпчүлүккө жеткирип устукандап берген адам. Ал эт жиликтегенди, устукандаганды жана ошол устуканды даражасына карата тартууну өтө жакшы билген адам

"Кешик түп ичүү" — кары, кадыр-барктуу адамдар тамак ичип бүткөндөн кийин, алардын табагында калган тамактан ушул адамдардай болоюн деп ырымдап ичүү. Ошондуктан кары, даражалуу адамдар үчүн "табак түп" калтыруу милдеттүү иш болгон;

"Кудай тамак" — түлөөнүн аймактардагы аталышы;

"Көктүн суусу" — сүттү ушинтип аташкан.