Пресс-борбор

"Адамдар сууга көп чөгүп жатат — бийлик кандай чара көрөт?" аттуу тегерек стол

Иш-чара 25-июлда саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.
Sputnik

Урматтуу кесиптештер,

Сиздерди "Кыргызстанда адамдар сууга көп чөгүп жатат — бийлик кандай чара көрөт?" аталышындагы тегерек столго чакырабыз.

Иш-чара 25-июлда саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Соңку убактарда көп сандаган адамдар сууга чөгүп каза болууда, арасында жаш балдар жана өспүрүмдөр бар. Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова кооптуу жерлерди эскертип жазылган тактайлардын коюлбаганы, суудагы коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы жана ата-энелердин көңүл коштугу адамдардын өлүмүнүн бир себеби болуп жатканын билдирди.

Өмүрбекова суудагы коопсуздук эрежелерин сактоо жана ата-энелер балдарын көзөмөлгө алуусу боюнча маалымдоо жана түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды. Анын алкагында, кооптуу дарыя, канал жана көлмөлөргө атайын эскертүү тактайлары коюлат.

Вице-премьердин тапшырмасынан кийин атка минерлер эмне иш жасады? Тийиштүү ведомстволор кырдаалды өзгөртүүгө кандай аракет жасоодо? Сууда кырсыктагандардын санын азайтуу үчүн эмне кылышыбыз керек? Тегерек столдун катышуучулары ушул жана башка суроолорго жооп издешет.

Катышуучулар:

Өкмөттүн аппаратынын өкүлү;

Дастан Далабаевич Бекешев — Жогорку Кенештин депутаты;

Данир Белекович Иманалиев — Ысык-Көл районунун акими;

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлү;

Рыспек Тынчтыкбекович Жолдошбаев — ӨКМдин авариялык-куткаруу иш-чараларын өткөрүү жана Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу;

Акылбек Таштанбекович Сулайманов — Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин суу ресурстары, суу пайдалануу жана мамлекеттер аралык суу бөлүштүрүү бөлүмүнүн жетекчиси;

Улуттук Кызыл ай коомунун Кыргызстандагы өкүлү.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.