Ысык-Көлдүн башчысы Ош облусун жетектейт. Ротация башталды

Буга чейин Ош облусун Таалайбек Сарыбашев жетектеп турган
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Ош облусун жетектейт. Бул туурасында өкмөттөгү маалымат булактар билдирди.

Бишкек шаарынын мэрлигине кимдерди түртмөлөп жатышат? Тизме
Өкмөттүн Ош облусундагы мурдагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев 18-июлда Ош шаарынын мэрлигине шайланган болчу. Ал эми Узарбек Жылкыбаев Ысык-Көл облусун 2017-жылдын март айынан тарта жетектеп келген. Ага чейин КСДП партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп иштеп турган.

Эскерте кетсек, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусунун тургундары менен жолукканда региондор арасында кадрларды ротациялоо салты жандана турганын айткан.