Өкмөт үйүнүн алдында инкассатордун машинасы жол кырсыгына кабылды. Сүрөт

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы окуянын чоо-жайын тактап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бишкекти өкмөт үйүнүн маңдайында Ford Transit үлгүсүндөгү инкассатордун автоунаасы Toyota Camry автоунаасы менен кагышты. Жол кырсыгынын сүрөтүн күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди.

Эки автоунаа саат 11:00дөр чамасында Абдымомунов менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

1 / 2
Бишкекти өкмөт үйүнүн маңдайында Ford Transit үлгүсүндөгү инкассатордун автоунаасы Toyota Camry автоунаасы менен кагышты.
2 / 2
Эки автоунаа саат 11:00дөр чамасында Абдымомунов менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Жаракат алгандар жок. Кырсык болгон жерде Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери иштеп жатат.