Кинодогу каармандар үчүн тынчсызданган иттин видеосу

Кхалиси деген ит режиссер Питер Жексондун "Кинг-Конг" тасмасын көрүп жатып, чоң маймылдын колуна түшүп калган кызга санааркаган. Видеодон күчүктүн тынчсызданган реакциясын байкоого болот.
Sputnik

Бир үй-бүлөдө жашаган Элвис жана Кхалиси деген эки күчүктү дүйнө эли билет. Интернетте алар тасмаларды берилип көргөндүгү менен таанымал.