БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Ажыга сапар алган кыргызстандыктардын алгачкы тобу шаршембиге караган түнү Бишкек — Медина багыты боюнча Сауд Аравияга учуп кетет. Бул туурасында муфтияттан билдиришти.
Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, Сауд Аравия падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси жана консулу, 2018-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча штаб башчысы Жоробай ажы Шергазыев катышмакчы.
"Ар бир учуучу топто 300 зыяратчы сапарга чыгып, аларды 6 ажы башчы коштоп барат. Ар бир жаран учуу графигинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн беш саат мурда аэропортко барып, каттоого даярдануусу зарыл", — деп айтылат маалыматта.
Алгачкы топту коштоп баруучу ажы башчылар:
— Кабылбек Акматов;
— Сүйүнбек Нурдин уулу;
— Кенжебек Кекебаев;
— Сулумбек Узеналиев;
— Равшанбек Акимбай уулу;
— Шамсиддин Кадыров.