Бир айдоочу ошол жерден жан берди. Чүйдөгү кырсык беш кишинин өмүрүн алып кетти

Кичиавтобустун 24 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл.— Sputnik. Чүй облусундагы жол кырсыктан беш киши каза тапты. Бул боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.

Трагедия 24-июлда эртең мененки саат 08.15терде Ивановка менен Ак-Сай (Бишкектен 20 чакырым аралыкта) айылдарынын ортосунда болгон.

Бишкекте такси менен кагышкан унаа оодарылып калды. Кырсыктан кийинки сүрөт
Түштүктөн түндүктү көздөй келе жаткан Ford Transit үлгүсүндөгү кичи автобустун 24 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен. Ал маңдайындагы келе жаткан Toyota Camry автоунаасын сүзгөн. Экинчи унааны 34 жаштагы киши башкарып келе жаткан.

Ford унаасынын айдоочусу ошол жерден мүрт кеткен. Ал эми жеңил машинанын айдоочусу менен жанындагы үч жүргүнчү Ысык-Атадагы ооруканага жеткирилгенден кийин каза тапкан. Салондогу эки бала учурда дарыгерлерин кароосунда.

Бустун каза болгон айдоочусунун атасы уулу кечээ кечке талаа сугарып, кайтып келе жаткандыгын айткан.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыктан Ford Transit унаасын башкарган жигитти уктап кеткен дешти.

Учурда сот-медициналык жана автотехникалык экспертиза дайындалып, тергөө башталды.