БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Борбор калаанын Каралаев көчөсүндө жайгашкан "Зимняя бухта" кафеси өрттөнүп жатат.
ӨКМдин маалыматына караганда, тилсиз жоону өчүрүүгө саат 07:51де өрт өчүрүүчү бир автоунаа жөнөп кеткен. Ал эми жеринде Sputnik агенттигинин кабарчысы эки бригада иштеп жаткандыгын билдирди.
Аталган жердин айланасында жашагандардын айтымында, эртең менен саат сегизге жакын тарсылдаган үндү угушкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктан жабыркагандар жок.