БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Шаршемби күнү, 25-июлда Бишкектеги жаңы конуш менен бир катар көчөлөрдө жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, "Кара-Жыгач" подстанциясында оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
— 9.00-19.00 — "Красный строитель" жаңы конушунун Адыр, Андижан жана Чоң-Курган көчөлөрү;
— 9.30-18.00 — Измайловский, Каарман туюк көчөлөрү, Ужгород, Дархан, Боталиев, Кызыл-Кыя, Тоголок-Молдо жана Алтай көчөлөрү;
— 9.00-17.00 — Абдымомунов көчөсүндөгү №285 үй;
— 13.00-17.00 — Абдумомунов, Фрунзе, Абдрахманов жана Тыныстанов көчөсү.