Бишкек КМШ өлкөлөрүнүн ичинен туристтер көп келген 10 шаардын катарына кирди

Алдыңкы үч орунда Баку, Минск жана Алматы шаарлары турат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстандын борбору Бишкек КМШ өлкөлөрүнүн ичинен россиялык туристтер жайында көп келген 10 шаардын катарын толуктады. Бул тууралуу ТурСтат аналитикалык агенттиги билдирди.

Жайында саякаттаган туристтердин басымдуу бөлүгү Баку, Минск жана Алматы шаарларына барат. Андан кийинки орунда тургандардын тизмеси төмөндөгүдөй:

Бишкек дүйнөдө чет элдиктер үчүн эң арзан шаар болуп калды. Рейтинг
Ереван (Армения), Астана (Казакстан), Бишкек (Кыргызстан), Ташкент (Өзбекстан), Кишинев (Молдава), Душанбе (Тажикстан) жана Ашхабад (Түркмөнстан).

Бул шаарлардын ичинен эң арзандары Кишинев менен Бишкек, ал эми дем алыш күндөрү дүкөн, базар кыдырып соода-сатык кылуу үчүн Баку менен Астананы тандашат.

Орто эсеп менен россиялык туристтер КМШ мамлекеттерине 3 күндөн бир жумага чейин барып, бир суткада 50 доллардан 100 долларга чейин коротот. Бул сумманын ичинде жашаганы, ичкен-жегени кирет.