Оңбогондой түшүптүр! Балыкчыдагы шамал учурган чатырдын сүрөтү

ӨКМ адам өмүрүнө зыян келбегендигин билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Балыкчы шаарында кечээ катуу шамал болуп, имараттын 200 чарчы метр чатырын учуруп кеткен. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 2
Балыкчы шаарында кечээ катуу шамал болуп, имараттын 200 чарчы метр чатырын учуруп кеткен.
2 / 2
ӨКМ адам өмүрүнө зыян келбегендигин билдирди.

"Калаада ылдамдыгы секундасына 14-16 метрге жеткен шамал катталган. Ал тунике менен жабылган чатырын учуруп кеткенден кийин ӨКМдин Балыкчы шаардык куткаруучулары жана "Чыгыш электро" ишканасынын кызматкерлери окуя болгон жерге барган", — деп билдиришти министрликтен.

ӨКМ адам өмүрүнө зыян келбегендигин билдирди.

Маалыматта жыгач устундуу тунике коопсуз жайга жылдырылгандыгы айтылган.