Айтматов проспектисинин бир бөлүгү ачылды

Оңдоо иштери пландалган мөөнөтүнөн эрте бүттү.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бишкекте Айтматов проспектисинин бир бөлүгү унаалар үчүн ачылгандыгын мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

1 / 2
Бишкекте Айтматов проспектисинин бир бөлүгү унаалар үчүн ачылды
2 / 2
Проспектинин Масалиев көчөсүнөн (Түштүк Магистраль) Ажыбек Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө бир айдан бери оңдоо иштери жүрүп жаткан.

Проспектинин Масалиев көчөсүнөн (Түштүк Магистраль) Ажыбек Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө бир айдан бери оңдоо иштери жүрүп жаткан. Анда жолдун асфальты жаңыртылып, бордюрлар орнотулган.

Башкармалыктын маалыматына караганда, оңдоо иштери тездик менен жүргүзүлүп, белгиленген мөөнөтүнөн эрте бүттү.