Радио

Сайназаров: орто мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу зарыл

"Жалпы кызыкчылыкты издөө" эл аралык уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси, билим берүү тармагында серепчи Кеңешбек Сайназаров билим сапатынын төмөндөшүнө мугалимдердин айлык акысынын аздыгы себеп деген жаңылыштык деп билдирди.
Sputnik
Сайназаров: орто мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу зарыл

Орто мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу зарыл. Сапат дегенде анын ичине көп факторлор камтылган. Мындай пикири менен Сайназаров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып бөлүштү.

Анын айтымында, билим берүү тармагындагы реформаны орто мектептердеги окутуунун сапатын жогорулатуудан башташ керек.

"Республикада учурдагы билим берүү системасында көйгөйлөр көп. Канткенде андан арылабыз деген абдан оор жана татаал суроо жаралат. Биринчи эле кезекте орто мектептердеги билимдин сапатын жогорулатууга басым жасаш керек. Материалдык, техникалык жагын эмес, дал сапатын көтөрүү керек. Ал үчүн өз кесибин сүйгөн мугалимдер болуусу шарт. "Окутуучулардын айлык-маянасы аздыгынан жакшы окутпайт"  деген туура эмес пикир. Кесибин урматтаган профессионал мугалим биринчи кезекте балдарга сапаттуу билим берсем дейт. Ошондой эле, балдар да окуу жоопкерчилигин сезүүсү керек. Мамлекет тарабынан бекер берилип жаткан билимди барктаганды, түшүнгөндү азыркы окуучуларга үйрөтүшүбүз мезгил талабы", — деди Сайназаров.

Адис баланын сапаттуу билим алуусуна ата-энелер да өз салымын кошуп, баланы жоопкерчиликке тарбиялашы зарылдыгын кошумчалады.