БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Куткаруучулар сууга чөгүп кеткен 16 жаштагы бала менен 32 жаштагы кишинин сөөгүн тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дем алыш күндөрү 6 киши чөгүп кеткенин, үч кишинин сөөгү табылбай жатканын маалымдаган.
16 жаштагы бала Ош облусунун Алай районундагы Тулпар-Көл көлүнө чөгүп кеткен. Ал тууралуу билдирүү 22-июлда 102 пультуна түшүп, окуя болгон жерге 11 куткаруучу тартылган. Бирок андан жыйынтык чыккан эмес.
Маркумдун сөөгү 23-июлда саат 10:15тер чамасында табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Ал эми Чүй облусунун Сокулук районунда чөгүп кеткен 32 жаштагы кишинин сөөгү да бүгүн, 23-июлда, саат 14:20лар чамасында табылган.