БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Американын Billboard журналы эң көп акча тапкан музыканттардын рейтингин жарыялады.
Тизменин көч башында ирландиялык U2 рок-тобу турат. Аталган топ 2017-жылы 54,4 миллион евро тапкан. Бул каражаттын басымдуу бөлүгүнө алар Joshua Tree Tour программасынын алкагында ээ болушкан. Мындан үч жыл мурдагы рейтингде U2 рок-тобу кирешенин деңгээли боюнча алдыңкы 50 сапка дагы илинген эмес.
Экинчи орунга кантри-ырчысы Гарт Брукс татыды. Ал былтыр 52,2 миллион доллар тапкан. Үчүнчү орунга Metallica тобу (43,2 миллион доллар) чыкты.
Алдыңкы ондукка кирген ырчылардын тизмеси төмөнкүдөй:
Ырчылар кирешесинин басымдуу бөлүгүн гастролдон тапкан. Ошентсе да эл кыдырбай эле көп акча тапкан ырчылар экөө, алар: рэпер Дрейк (8,6 миллион доллар) менен ырчы Тейлор Свифт (Альбомун сатуудан 5 миллион сом киреше көргөн).
Журналдын билдиришинче, ырчылардын тапкан кирешесин эсептөөдө Американын ички гана рыногу эсептелген.