Сокулукта 10 жашар кызды зордуктоого аракет кылды делген киши кармалды

Колго түшкөн адам Нарын облусунун 35 жаштагы тургуну болуп чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районунда 10 жашар кызды зордуктоого аракет кылды деп шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Көлдө 13 жашар кыздын экинчи ирет зордукталышынан атасы сактап калды
Билдирүүгө ылайык, шектүү Нарын облусунун 35 жаштагы тургуну болуп чыкты.

Эске салсак, 10-июль күнү Сокулук айылындагы базарда 10 жашар кыз зордукталды деген маалымат тараган. Кылмыш иши дароо каттоого алынган.

Андан соң милиция кызматкерлери кылмыш болгон жерден байкоо камераларындагы бардык видеоматериалдарды чогултуп, шектүүнүн фотороботун түзгөн.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, медициналык экспертизанын жыйынтыгы киши 10 жашар кызды зордуктоого аракет кылганын көрсөткөн.

"Чүй облустук жана Сокулук райондук милиция кызматкерлеринин ыкчам-издөө иштеринин жыйынтыгында 20-июль күнү шектүү фотороботтун негизинде кармалды. Жабырланган кыз ал адамды тааныган", — деп жазылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, колго түшүрүлгөн киши милицияга жасаган аракеттерин окуя болгон жерге барып көрсөтүп берген.

Шектүүгө карата Кылмыш жаза кодексинин 4-бөлүмүнүн 130-беренеси (күч колдонуп зордуктоого аракет кылуу) боюнча иш козголуп, тергөө аяктаганча убактылуу кармоочу жайга киргизилди.