Жеңгенде немисмин, жеңилгенде иммигрантмын! Өзил Германиянын курамасынан кетти

Месут Өзилдин айтымында, Германиянын курама командасы дүйнө чемпионатынан утулуп калгандан кийин анын дарегине мазактаган сын пикирлер айтыла баштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Түрк тектүү немис футболчусу Месут Өзил Германиянын улуттук курама командасынан кеткенин BBC басылмасы жазды.

Футболчу мындай чечимди ага карата айтылган курч сындардан улам кабыл алган. Анын айтымында, Германиянын курама командасы Россияда өткөн дүйнө чемпионатында жеңилип калгандан кийин күйөрмандар, ЖМКлар жана айрым саясатчылар анын тегине, улутуна асылышкан.

"Жеңишке жеткенде немисмин, утулуп калганда иммигрант болуп чыга келдим", — деп футболчу Twitter баракчасына жазган.

Ал ошондой эле аны немис коомчулугу өз кишиси катары кабыл албаганын жазып, жасаган эмгеги бааланбай калганын белгилеген.

Жарашат бекен? Роналду "Ювентустун" формасын кийип чыкты
Быйыл май айында футболчуну Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен түшкөн сүрөтү үчүн сындашкан. Өз кезегинде Өзил ага карата айтылган сын негизсиз экенин билдирип, айрым ЖМКлар сүрөттү өздөрүнүн саясий максаттары үчүн колдонуп жатканын айткан.

Футболчу ошондой эле катардагы күйөрмандардан тарта, ЖМК, саясатчыларга чейин расисттик мазактоого туш болгондуктан Германиянын улуттук курама командасынан кетүүнү чечкен. Оюнчу курама командадан тышкары Лондондун "Арсенал" клубунда жарым коргоочу жана күчтүү футболчулардын катарын толуктайт.