Өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу

Айрым аймактарда маал-маалы менен күн жаап турат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет бир жумага карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Ага ылайык, 23-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй жана Ысык-Көл облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Нарын облустарында жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Аптаптуу ысыктан улам иш күнү кыскартылабы? Министрликтин жообу
Чүйдө түнкүсүн 18…23 градус болсо, күндүз 32…37 градуска чейин көтөрүлөт. Таласта түндө 12…17 градус болуп, күндүз күндүн табы 30…35 градуска дейре ысыйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткенде түндө 19…24 градус болуп, күндүз 34…39 градуска чейин жогорулайт. Ысык-Көлдө түндө 12…17 градус болсо, күндүз 24…29 градуска дейре жетет. Нарында түндө 10…15 градус жылуу болуп, күндүз 28…33 градуска чейин ысыйт.

24-июлда Чүйдө түнкүсүн 16…21, күндүзү 28…33, Таласта түнкүсүн 10…15,  күндүзү 26…31,  Баткенде  түнкүсүн 18…23,  күндүзү 32…37 градус ысык болот. Ал эми Ош менен Жалал-Абадда  түнкүсүн 18…23,  күндүзү 32…37 градуска көтөрүлөт. Термометр Ысык-Көлдө  түнү +11…+16, күндүзү +23… +28ди, ал эми Нарында түнкүсүн +10… +15, күндүзү +25… +30 градусту көрсөтөт.

Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Нарын облустарында жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

25-июлда Чүйдө  түнү 14…19,  күндүзү 28…33,  Таласта түнү 8…13, күндүзү 26…31, Баткенде түнкүсүн 16…21, күндүзү 32…37 градус ысык болот.  Термометр Ош менен Жалал-Абадда  түнкүсүн +16…+21, күндүзү +32…+37  градусту көрсөтөт. Ысык-Көлдө түнү +9…+14, күндүзү +23…+28, ал эми Нарында түнү +8…+13, күндүзү +25…+30 градус болот. Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Канададагы ысык 17 кишинин өмүрүн алды
26-июлда. Чүйдө термометр түнкүсүн +15…+20, күндүзү +28…+33,  Таласта түнү +11…+16, күндүзү+27…+32, Баткенде түнкүсүн +18…+23, күндүзү +33…+38 градусту көрсөтөт.  Ош менен Жалал-Абадда  түнкүсүн 17…22, күндүзү 31…36,  Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүзү 22…27, Нарында түнкүсүн 8…13, күндүзү 26…31 ысык болот.

27-июлда Чүйдө термометр түнкүсүн +15…+20, күндүзү +28…+33, Таласта түнү +10…+15, күндүзү +28…+33, Баткенде түнкүсүн +17…+22,  күндүзү +32…+37 градусту көрсөтөт.  Ош менен Жалал-Абадда  түнкүсүн 17…22, күндүзү 31…36 градуска чейин ысыйт.  Ысык-Көлдө түнкүсүн +10…+15, күндүзү +22…+27, Нарында  түнү 8…13 градус жылып,  күндүзү 26…31 градус ысык болот.

Ал эми 28-29-июлда туруксуз аба ырайы сакталып, мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт.