Апта ирмеми: купальникчен кыздардан суу каптаган көрүстөнгө чейин

Sputnik

Өткөн жума окуяларга бай болду. Мисалы, Хельсинки шаарында Россия президенти Владимир Путин менен америкалык кесиптеши Дональд Трамп жолугушса, Майамиде пляж модасынын жумалыгы өттү.

Ал эми Кыргызстан тууралуу айтсак, Ысык-Көлдүн жээгинде "Тескей жээк" этнофестивалы болду.

Чүй облусунда болсо №3 түзөтүү колониясында жаза өтөп жаткандар менен кызматкерлер ортосунда волейбол боюнча мелдеш уюштурулду.

1 / 16
Ысык-Көлдөгү "Тескей жээк" этнофестивалынан бир ирмем
2 / 16
Хельсинки шаарында Россия президенти Владимир Путин менен америкалык кесиптеши Дональд Трамп жолугушту
3 / 16
Бала тропикалык бороон-чапкындан кийин жаандын тамчыларын тосуп жатат. Филиппин
4 / 16
Майамидеги пляж модасынын жумалыгында подиумга чыккан модель кыздар
5 / 16
Токиодогу виртуалдык реалдуулук ресторанынын коногу
6 / 16
Чүй облусунда болсо №3 түзөтүү колониясында жаза өтөп жаткандар менен кызматкерлер ортосунда волейбол боюнча мелдеш уюштурулду.
7 / 16
Индияда жаңы курулуп жаткан имарат эски үйдүн үстүнө кулап, тогуз адамдын өмүрүн алды
8 / 16
Бул кабыландын күчүгү Стеффани менен Шери атуу спаниель. Стеффани зоопаркта туулуп, аны энеси жээрий баштаганда, Шери эмизип баккан
9 / 16
Аль-Фуа жана Кефрая айылдарындагы элди көчүрүп жаткандагы сириялык жоокер
10 / 16
Россиянын Новосибирск облусунда мал тоютун жыйноо учуру
11 / 16
Аскердик-тарыхый фестивалдын катышуучулары. Россия
12 / 16
Лос-Анджелес шаарында өткөн Kids Choice Sports Awards — 2018 иш-чарасындагы айдоочу аял
13 / 16
Улуу Британияда жыл сайын ак кууларды каттоо иш-чарасы өтөт
14 / 16
Калифорниядагы Йосемити улуттук паркындагы күүгүм
15 / 16
Индонезиядагы жанар тоо
16 / 16
Вьетнамдын түндүгүндө нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, 80 миң гектар жерди суу каптады.