Ысык-Көл облусунда Бишкекти көздөй кеткен жолдо автотыгын пайда болду. Сүрөт

Автоунаалардын топтошуп калышы Тору-айгыр айылында көбүрөөк байкалды
Sputnik

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда Бишкекти көздөй кеткен жолдо бир топ аралыкка жеткен автотыгын пайда болду. Бул туурасында окуянын күбөлөрү билдирди.

1 / 3
Ысык-Көл облусунда Бишкекти көздөй кеткен жолдо бир топ аралыкка жеткен автотыгын пайда болду
2 / 3
Автоунаалар Тору-Айгыр айылынын (бул аралык Балыкчы шаарынан 15-20 чакырым аралыкта) жолунда бир нече катар болуп тизилип турат.
3 / 3
Аталган аймакта Жол кыймылынын коопсуздугу камсыздоо боюнча башкармалыктын кызматкерлери иштеп жатат.

Автоунаалар Тору-Айгыр айылынын (бул аралык Балыкчы шаарынан 15-20 чакырым аралыкта) жолунда бир нече катар болуп тизилип турат. Аталган аймакта Жол кыймылынын коопсуздугу камсыздоо боюнча башкармалыктын кызматкерлери иштеп жатат. Окуяга күбө болгон адамдын айтуусунда, Бишкектен бара жаткан автоунаалар тоскоолдуксуз өткөнгө шарт түзүп, кыймылды жөнгө салып жатышат.

Автотыгындын себеби жолдун аталган тилкесинде жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштери экендиги айтылды.