Радио

Мүсүрканов: көчмөндөр оюнуна билеттер эми мобилдик тиркеме аркылуу сатылууда

Көчмөндөрдүн оюндарынын катчылыгынын "Медиа жана PR" тобунун мүчөсү Жаманак Мүсүрканов 20-июлдан тартып аталган оюндар боюнча мобилдик тиркеме ишке киргенин айтты.
Sputnik
Мүсүрканов: көчмөндөр оюнуна билеттер эми мобилдик тиркеме аркылуу сатылууда

Эми Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына  билеттерди мобилдик тиркеме аркылуу сатып алса болот. Бул тууралуу Жаманак Мүсүрканов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда 850 билет сатылган.

"Бул мобилдик тиркеме өзгөчө, чет элдиктер үчүн абдан ыңгайлуу. Алар атайын билет сатып алуу үчүн Бишкекке келбей эле, тиркемеден каалаган орундуктан жай алат. Билет сатып алганда алар үчүн атайын код берилип, Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанатына кирүүдө текшерилет", — деди Мүсүрканов.

Ал билеттер Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында сатылып жатканын кошумчалады.