Бишкекте маршрутка менен жеңил автоунаа кагышты. Сүрөт

Кырсыктаган кичи автобус аз жерден бакты сүзүп кала жаздаган.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Борбор калаада Mercedes-Benz үлгүсүндөгү маршрутка менен Toyota Prius автоунаасы кагышкандыгын окуяга күбө болгондор билдирди.

Окуя болжол менен 16.45тер чамасында Киев менен Үмөталиев көчөсүндө болгон. №132 каттамда жүргөн кичи автобус кагышкандан кийин жолдун чекесине чыгып кетип, аз жерден арыкты сүзбөй токтоп калган.

1 / 3
Борбор калаада Mercedes-Benz үлгүсүндөгү маршрутка менен Toyota Prius автоунаасы кагышкандыгын окуяга күбө болгондор билдирди.
2 / 3
Окуя болжол менен 16.45тер чамасында Киев менен Үмөталиев көчөсүндө болгон.
3 / 3
№132 каттамда жүргөн кичи автобус кагышкандан кийин жолдун чекесине чыгып кетип, аз жерден арыкты сүзбөй токтоп калган.

Маалыматтарга караганда, окуядан эч ким жабыркаган эмес.

Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын шаардык кызматынан жол кырсыгы боюнча маалымат түшпөгөндүгөн айтышты.