Көчмөндөр оюнуна 44 өлкөнүн спортчусунан билдирме келип түштү

11 күндөн кийин спортчуларды аккредитациядан өткөрүү иштери аяктайт.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына катышууга 44 өлкөнүн спортчусу табыштамасын берди. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди.

Ага катышууга Россия, АКШ, Өзбекстан, Казакстан, Армения, Грузия, Австралия, Бангладеш, Индия, Индонезия, Иран, Испания, Монголия, Польша жана башка өлкөлөрдүн миңден ашуун спортчусу макулдугун берген.

Мелдешке катыша тургандардын анкеталары көчмөндөр оюнунун программасындагы жобонун талаптарына ылайык, электрондук системада келет. Каттоо иштери 2018-жылдын 31-июлунда жыйынтыкталат.

Көчмөндөр оюндарына канча каскадер жана бийчи катышары айтылды
Андан соң Кыргызстанга өз делегаттарын жиберүүгө макул болгон өлкөлөрдүн спортчуларынын болжолдуу тизмеси түзүлөт.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына командаларды аккредитациялоо иштери иш-чаранын расмий сайты аркылуу ишке ашырылат.

Жалпысынан оюнга катышууга дүйнөнүн 102 өлкөсүнө чакыруу жиберилген. Иш-чара 2-сентябрда Ысык-Көл облусунда башталмакчы.

Аны өткөрүүгө мамлекеттен 306 миллион сом бөлүнөт.