Казакстанда жүрүп бараткан автобус толугу менен күйүп, жүргүнчүлөрү аман калды

Өрт автобустун кыймылдаткычындагы зымдардын тийишүүсүнөн улам чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Казакстандын түндүгүндө 20 жүргүнчүсү менен бара жаткан каттамдагы автобус күйүп кетти. Бактыга жараша жабыркандар жок. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Өрт автобустун кыймылдаткычындагы зымдардын тийишүүсүнөн улам чыккан.

1 / 2
Казакстандын түндүгүндө 20 жүргүнчүсү менен бара жаткан каттамдагы автобус күйүп кетти.
2 / 2
Өрт автобустун кыймылдаткычындагы зымдардын тийишүүсүнөн улам чыккан.

"Ишембиде саат 11.13дө Көкшетау — Рузаевка унаа жолунун 64-чакырымында КАВЗ "Аврора" үлгүсүндөгү автобус толугу менен күйүп кетти. Өрт саат 13.28де толугу менен өчүрүлдү. Каза болгондор жана жаракат алгандар жок. Жүргүнчүлөрдүн баары салондон өздөрү чыгууга үлгүрүп, башка унаалар менен жолун улап кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-январында дагы Казакстандын Актөбө облусунда Самара — Шымкент жолунда 57 кишиси менен бараткан "Икарус" автобусу өрттөнүп 52 адам набыт болгон. Алардын баары Өзбекстандын жараны болчу.