Анклавдагы кыргыз-өзбек жаңжалы. Окуя боюнча чек ара кызматы түшүндүрмө берди

Шахимардан анклавында жаңжал чыгып, жыйынтыгында Кыргызстандын жарандары жабыркаган. Учурда өзбек тарап бул окуяны иликтеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматы Шахимардан анклавында кыргызстандыктар катышкан окуянын чоо-жайын түшүндүрүп берди.

Буга чейин укук коргоо органдары Баткен облусунун өзбек анклавындагы Котормо деп аталган кыргыз айылынын тургундарын белгисиз адамдар сабап кеткендиги тууралуу маалымдаган. Чек ара кызматынын билдирүүсүндө, окуя шаршемби күнү, 18-июлда Кыргызстандын төрт жараны Шахимардан анклавынан Котормо айылына келе жатканда болгон.

"Мушташты Өзбекстандык жаш балдардын тобу уюштурган. Жыйынтыгында эки кыргызстандык жаран түрдүү жеңил жаракаттарды алган. Учурда алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда", — деп жазылат маалыматта.

Тажикстан кыргыз чек арачыларын барымтага алып, кайра кое берди
Окуя болгондон кийин эки өлкөнүн укук коргоо органдары, андан соң мамлекеттердин райадминистрацияларынын жетечилери, жергиликтүү башкаруу жана ички иштер органдары, чек ара кызматкерлери жолугушуу өткөргөн. Жыйынтыгында бир тараптуу иликтөө жүргүзүү чечими чыгарылды.

Жаңжал бир эле өлкөнүн аймагында болгондуктан ал чек арада катталган окуя болуп эсептелбейт. Ошентсе да мамлекеттик Чек ара кызматы аталган аймакта жашаган жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү.