Тажикстан кыргыз чек арачыларын барымтага алып, кайра кое берди

Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аскерлерин жана жарандарын мыйзамсыз кармап кетишкен. Сүйлөшүүлөрдөн кийин алар бошотулду.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Баткен облусунун Ворух анклавында Кыргызстан менен Тажикстан өлкөлөрүнүн чек арачыларынын ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 20-июль күнү Ворух айылына өтчү Кишемиш — Аксай транзиттик жолунда тажик чек арачылары Кыргызстандын чек ара кызматынын эки аскерин жана эки жаранын кармап кетишкен.

"Кармоо учурунда тажик чек арачылары орой мамиле жасап кыргызстандык бир чек арачы жеңил жаракат алган. Буга байланыштуу эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү тез арада сүйлөшүү жүргүзгөн. Кыргыз тарап тажик чек арачыларынын аракеттери мыйзамсыз экенин баса белгилеген", — деп жазылат маалыматта.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин кармалгандар мекенге кайтарылып, Тажикстандын чек ара өкүлдөрү өзүнүн аскерлеринин жоругу үчүн кечирим сурашкан.

Ал эми жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Учурда кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу.