Бишкектиктер Денис Тенди эскерип Казакстандын элчилигине гүл коюшту

Денис Тен кылмышкерлер тарабынан бычакталып өлтүрүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Казакстандын Бишкектеги элчилигине жарандар Денис Тенди эскерип гүл коюп жатышат. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына элчиликтен маалымдашты.

Денис Тенди өлтүрүүгө шектелген кишинин сотто айткан кеби
Эске салсак, белгилүү фигурист 19-июлда киши колдуу болгон. Денис Тен унаасынын капталындагы күзгүлөрүн чечип жаткан эки ууруну көрүп, кафеден чуркап чыккан. Аларга каршылык көрсөтүүгө аракет жасаганда, кылмышкерлердин колунан бычак жеген. Кийин ооруканага жеткирилип, ошол жактан жан берген. Каргашалуу окуя 19-июль күнү болду.

Таланттуу фигурист болгону 25 жашта эле. Окуяга шектелген эки жаран тең полициянын колуна түшүрүлдү.

Денис Тен VII кышкы Азия оюндарынын жеңүүчүсү жана көптөгөн эл аралык сынактарда байгелүү орундарды ээлеген. 2014-жылы Олимпиада оюндарында коло медалдын ээси болгон. Казакстандын беш жолку чемпиону.