Кытайлык окумуштуулар балыкты көп жеген адам узагыраак жашарын аныкташты

Муну 16 жыл бою 420 миңден ашуун адамга байкоо жүргүзүп аныктап чыгышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кытайлык окумуштуулар тобу балыкты көп жеп жүрүү адам өмүрүн узарта турганын аныкташты. Мындай изилдөө Journal of Internal Medicine журналына жарыяланды.

Окумуштуулар кофенин жыты адамдарга кандай таасир этерин айтышты
Муну 16 жыл бою 420 миңден ашуун адамга байкоо жүргүзүп аныктап чыгышкан.

Бул аралыкта ар кандай себептер менен 54 миң эркек киши, 31 миң аял каза болгон. Алардын ичинен балыкты көп жегендери узагыраак жашаган. Окумуштуулар балык менен көбүрөөк азыктанган эркектер башкаларга салыштырмалуу жүрөк кан-тамыр оорууларына 10 пайызга, боор ооруларына 37 пайызга азыраак кабыларын байкашкан. Ал эми альцгеймер оорусуна аялдар 38 пайызга азыраак тушугаары аныкталган.