Радио

Мамырбаева: суудан куткарылган кишини катуу жерге жаткыруу керек

Кыргызстандын Улуттук Кызыл Ай Коомунун алгачкы жардам көрсөтүү боюнча инструктору Касиет Мамырбаева ата-энелер балдарын сууга түшүүгө жалгыз жибербеши керектигин айтты.
Sputnik
Мамырбаева: суудан куткарылган кишини катуу жерге жаткыруу керек

Суудан куткарылган адамга дарыгерлер келгенге чейин алгачкы жардамдын көрсөтүлүшү өтө маанилүү. Бул тууралуу Касиет Мамырбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, биринчи жардам жарандардын өмүрүн сактап калышы толук мүмкүн.

"Эгер адам чөгүп баратса сууда сүзчү балондорду ага ыргытуу керек. Бул алгачкы жардам болуп эсептелет. Чөгүп бараткан адамдын ашыкча ызы-чуу салышы энергияны алып, анын суунун түбүнө тез кирип кетишине шарт түзөт. Ошондуктан, күчтү кетирбей, мүмкүн болушунча тынчтанып, өзүн сууда кармап турууга аракет кылышы зарыл. Куткаруу эрежелерин билбеген адамдар анын жанына барбай эле койгону дурус. Мындай учурда эки адам тең суунун түбүнө кирип кетиши мүмкүн", — деди Мамырбаева.

Ал суудан куткарылган кишини жумшак эмес, катуу жерге жаткыруу туура экенин кошумчалады.