Дональд Трамп Владимир Путинди Вашингтонго чакырды

Дүйшөмбү күнү эки лидер Хельсинки шаарында жолуккан.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россиянын мамлекет башчысы Владимир Путинди Вашингтон шаарына чакырды. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Сара Сандерске шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Маалыматка караганда, жолугушуу күз айларына пландалууда.

"Хельсинкидеги сүйлөшүүлөр маалында Путин мындан аркы диалогду эки өлкөнүн коопсуздук кеңештеринин деңгээлинде улантууга макул болгон. Андыктан президент Трамп коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтоннго күз айларында Владимир Путинди Вашингтонго чакыруу тапшырмасын берди. Сүйлөшүүлөр башталды", — деп Сандерс өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

Экинчи жолугушууда Трамп терроризмге каршы күрөш, Израилдеги коопсуздук, ядердик курал, кибер чабуул, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык сыяктуу маселелердин тегерегинде кеп кылууну пландап жатат.