Ош шаарында каналга агып кеткен кишинин сөөгү табылды

Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Ош шаарындагы каналга агып кеткен кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Билдирмеге караганда, кырсык тууралуу маалымат 19-июль күнү, түнкү саат 23.19да келип түшкөн.

Таңкы саат 05.00дө куткаруучулар маркумдун сөөгүн таап, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.