БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Ош — Бишкек унаа жолунда өрүк ташып бараткан фура капталынан кулап калган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирип, сүрөттөрүн жөнөттү.
Анын айтымында, кырсык эки күн мурда, 18-июль күнү Таш-Көмүр менен Кара-Көл шаарларынын ортосунда болгон. Автоунаа дагы деле жолдо жатат.
"Фуранын дөңгөлөгү чыгып кеткен. Жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес", — деди күбө.
Ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалыматты учурда текшерип жатканын маалымдады.