Радио

Жантелиев: эми жакпаган ролго тартылбай калдым

Белгилүү театр жана кино актеру Марат Жантелиев учурда кыргыз фильми жанданып калганы менен сапатсыз болуп жатканын айтты.
Sputnik
Жантелиев: эми жакпаган ролго тартылбай калдым

Сценарийи жакпаган ролдорго тартылбай калдым. "Мага жаккан жок, тартыла албайм" деп эле ачык айтам. Бул тууралуу Марат Жантелиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда тасма жаратуу абдан оңой болуп калса дагы сапатсыз кинолор тартылууда.

"Мамлекет кино жаатына тиешелүү көңүл бурбай жатат. Ар ким өзү каалагандай эле кино тартып калды. Бир мезгилде "кыргыз керемети" аталган деңгээлге азыркы кинолор жетпейт. Мурда 30-40 киши жалаң гана кино тартчу техника менен алек болсо, азыр бир кичинекей аппаратка эле тартып коюшат. Ошого жараша олуттуу көңүл бурушпайт. Мага "ушул ролго сиз тартылып бериниз" деп сценарийлерин алып келишет. Жакпаса баш тартам, кээде болбой эле тартылып берүүмдү суранышат. Андайда көп акча сурап койсом, ошону менен чакырбай калышат. Мурда тандабай эле тартыла берчү элем, азыр жакшыраак фильмдерге түшкөнгө аракеттенип калдым", — деди Жантелиев.

Актер фильм жаратууну каалаган жаштар тиешелүү билимге ээ болуусу зарылдыгын кошумчалады.