Денис Тенди өлтүрүүгө шектелип 24 жаштагы бала кармалды

Киши колдуу болгон Денис Тен болгону 25 жашта болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Казакстандын полициясы белгилүү фигурист Денис Тенди өлтүрүүгө шектелген кишини колго түшүрдү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды. 

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди, ал эми экинчи шектүү изделүүдө.

1 / 2
Денис Тендин унаасы
2 / 2
Таланттуу фигурист болгону 25 жашта эле.

Алматынын прокуратурасынын маалыматына ылайык, шектүү 1994-жылы туулган К. Н. аттуу жаран. Ал көрсөтмө берип жатып күнөөсүн мойнуна алган.

Sputnik агенттигинин журналисти Исмаил Мамытов дүйнөдөн мезгилсиз кайтты
Денис Тен унаасынын капталындагы күзгүлөрүн чечип жаткан эки ууруну көрүп, кафеден чуркап чыккан. Аларга каршылык көрсөтүүгө аракет жасаганда, кылмышкерлердин колунан бычак жеген. Кийин ооруканага жеткирилип, ошол жактан жан берген. Каргашалуу окуя 19-июль күнү болду.

Таланттуу фигурист болгону 25 жашта эле.

Денис Тен VII кышкы Азия оюндарынын жеңүүчүсү жана көптөгөн эл аралык сынактарда байгелүү орундарды ээлеген. Казакстандын беш жолку чемпиону.