Бишкекте такси менен кагышкан унаа оодарылып калды. Кырсыктан кийинки сүрөт

Автоунаанын дөңгөлөгү жарылып каршы тилкеге чыгып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Бишкекте Honda CRV үлгүсүндөгү унаа оодарылып калганын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымына караганда, кырсык бүгүн, 20-июлда саат 18.30дар чамасында болгон.

"Honda CRV унаасынын дөңгөлөгү жарылып каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада Honda Odyssey үлгүсүндөгү унааны коюп, аласалып кетти. Жабыркагандар жок", — деди күбө.

Кырсык болгон жерде милиция иштеп жатат. Айдоочулар ооруканага баруудан баш тартышкан.