Бишкекте бир жума бою өзгөчө жарманке иштейт

Иш-чарага Россия, Индия, Афганистан жана Борбор Азия мамлекеттеринен коноктор келет.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстанда салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык "Оймо" фестивалы өтөт.

150дөн ашык кыргызстандык жана чет өлкөлүк кол өнөрчүлөрдүн эмгектери жарманкеге коюлат. Ага Россия, Индия, Афганистан жана Борбор Азия мамлекеттеринен коноктор келери күтүлүүдө.

Асангулова: кыргыз кийимине "форма" деген ат берген туура эмес
Фестивалдын максаты — Кыргызстанда кол өнөрчүлөрдүн рыногун кеңейтүү.

Иш-чаранын алкагында дизайнер, кол өнөрчү студенттердин арасында "Этно-Мода" сынагы, "Элечек" флешмобу жана "Эмен багы" галереясында автордук куурчактардын көргөзмөсү болот.

Фестиваль 26-июль күнү Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатрынын алдында өтөт. Ал эми 31-июлда Чолпон-Атада уланып, 5-августта жыйынтыкталат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги иш-чаранын расмий өнөктөшү болуп эсептелет.