БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Германиянын канцлери Ангела Меркель Кёльн шаарындагы бала бакчага барып, балдар менен сүйлөшүп отурганда түшкөн сүрөтү интернетте кызуу талкуу жаратты. Бул тууралуу Daily Mirror басылмасы жазды.
Сүрөттө Меркелдин артында бири-биринин үстүнө жаткан оюнчук аюуларды көрүүгө болот.
Социалдык тармактын колдонуучулары сүрөткө карата түрдүү пикирлерин билдирди.