Жумага карата аба ырайы

Шамалдын багыты секундасына 1- 6 метрге жетип, өзгөрүлүп турат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. 20-июлда өлкө аймагында күн ачык болот. Шамалдын багыты секундасына 1- 6 метрге жетип, өзгөрүлүп турат. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндуз +33…+38 градуска жетет. Таласта түнкүсүн +12…+17, күндүз +31…+36 градус болушу күтүлөт.

Нарын аймагында түнкүсүн +10…+15 болсо, күндүз +25…+27 градуска ысыйт. Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында термометр түнкүсүн +20…+25, күндүз +37…+39 градусту көрсөтүп турат.

Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн +23…+25, күндүз +35…+38, Бишкекте түнкүсүн +18…+20, күндуз +36…+38 градус ысык болушу болжолдонууда.