Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиондук куру үчүн качан беттешери айтылды

Чемпиондук кур үчүн кармаш АКШда 8-сентябрда өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Валентина Шевченко UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиондук наам үчүн Никко Монтаньо менен беттеше тургандыгын уюштуруучулардын расмий сайтында айтылат.

Валентина Шевченко атаандашынын айласын кетирди. Видео
Мушкерлер 8-сентябрь күнү Даллас (АКШ) шаарында UFC 228 турниринин алкагында кез келет.

29-жаштагы Монтаньо чемпиондук курду былтыр декабрда тагынган, ал Шевченко менен кармашып биринчи жолу наамын коргойт. Ал эми Шевченко эң жеңил салмактагы алгачкы кармашын быйыл февраль айында өткөрүп, бразилиялык атаандашын муунтуу ыкмасы менен утуп алган. 

 

 

Ага чейин Шевченко UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондугу үчүн Аманда Нуньес менен беттешип, жеңилип калган.