Акыркы күндөрүмдү жашап жаткам... Рак менен ооруган туристтин ууруга жазган каты

Катта "рак менен ооруп, өлүп бара жаткан кишимин, сен мени акчасы жок калтырдың" деген саптар бар.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Италияда чөнтөкчүгө акчасын алдырып жиберген жана рак менен ооруп, өмүрүнүн акыркы күндөрүн жашап жаткан америкалык турист ууруга кат жазып калтырган. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Катта Майкл Вили бул акыркы саякаты экендигин, аны аялы менен өткөрүп жаткандыгын баяндаган.

Туристтин чөнтөгүн Венециядагы вапореттолордун (суу трамвайы) биринде "тазалап" кетишкен. Жазган катын киши полицияга таштап, алардан жолдогон кайрылуусун элге таратууну суранган.

"Бул катты окубай каларыңды деле билип турам, анан да сага баары бир да болушу мүмкүн. Силердин жакшынакай кооз шаарыңарга 14-июлда жубайым менен эс алганы келгенбиз", — деп ал катын баштаган.

Андан ары жүрөктү ооруткан сөздөрдү жазган.

"Билесиңби, бул менин аялым экөөбүздүн акыркы саякатыбыз. Рак менен ооруп, өлүп бара жаткан кишимин. Сен мени акчасы жок калтырдың. Сен менин кредиттик картымды уурдап алдың. Бир саамга эле көзүңдү жуумп, курмандыгыңды кандай абалга таштаганыңды элестетип көр. Баары бир сен үчүн дуба кылам. Канчалаган элди какшатып кеткенде баткан күнөөлөрүңдү кудайым өзү кечирсин. Мен сени кечирдим", — деп жазган ал.

Бул маалыматты жарыялаган басылма чөнтөкчүдөн жана аны билгендерден америкалык туристтин акча салган капчыгын Сан Марко аянтында жайгашкан полициянын комиссариатына таштап кетүүнү суранган.