Радио

Тодогелдиев: педофилдерге өлүм жазасын өзүбүз билип киргизе албайбыз

Социалдык өнүгүү жана эмгек министрлигинин үй бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Бакыт Тодогелдиев педофилдерди өлүм жазасына тартуу менен көйгөйдү жоюу мүмкүн эместигин айтты.
Sputnik
Тодогелдиев: педофилдерге өлүм жазасын өзүбүз билип киргизе албайбыз

Жаш балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартууну өзүбүз билип эле ишке ашыра албайбыз. Мындай болгон учурда көптөгөн эл аралык мамилелерге туура келбей калышы мүмкүн. Мындай пикирин Бакыт Тодогелдиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, башкы мыйзамды өзгөртүп, зордукчуларга өлүм жазасын киргизүүнү жалгыз Кыргызстан чечип кое албайт.

"Биздин өлкөдө кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу балдар укугуна жакшы көңүл бурулат. Тактап айтканда бул багытта атайын кодексибиз бар. Биздин министрлик мындай жаман окуялардын курмандыгы болгон балдар менен тыгыз иштешет. Алардын өздүгү купуя сакталуу менен психологиялык, медициналык жана башка түрдүү жардамдар берилип турат. Бала өзүн жакшы сезип калган күндө дагы психологиялык жактан текшерүүдөн өткөрүлөт. Биз зөөкүрлөрдү "кантип жазалайбыз" эмес, болтурбоо жолдоруна көңүл бурушубуз керек", — деди Тодогелдиев.

Ал педофилия менен күрөшүүдө жалпы коомчулук кайдыгер карабай, жапа тырмак киришүүсү зарыл экенин кошумчалады.